Артка кайтаралы! Депутат окуу жайдын жерине ректорлор үй салып алганын айтты

Эл өкүлү мындай фактылар көп экенин белгилеп, эки окуу жайды мисал келтирди. Ал менчикке өтүп кеткен жер тилкесин артка кайтарууну талап кылды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Акыл Кемелов окуу жайларына тиешелүү жерге ректор, директорлор өзүнө хан сарай салып алганын билдирди.
Эл өкүлү мындай фактылар көп экенин белгилеп, эки окуу жайды мисал келтирди.
"Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын аймагындагы жерге мурдагы ректордун хан сарайы салынып калган. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт училищесинин аянтына дагы ошол кездеги директору үй салып алган. Мындан башка дагы фактылар бар, эмне себептен аларга уруксат кагазы берилип калганын тактаңыз, бүгүнкү күндө кандай чара көрө аласыздар", — деп кайрылды өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнө.
Ошону менен бирге ал менчикке өтүп кеткен жерлерди кайра окуу жайдын балансына кайтаруу маселесин карап чыгып, жооп беришин талап кылды.