Жерин мыйзамдаштырууну талап кылган митингчилер эртең Новиков менен жолугат

Ак-Ордо, ТЭЦ-2 жаңы конуштарынын митингге чыккан тургундары эртең Артём Новиков менен жолугушуу үчүн анын кабыл алуусуна жазылды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Эртең саат 9.00дө биринчи вице-премьер Артём Новиковго митингчилердин беш өкүлүн киргизүүгө аракет кылып жатабыз. Бул тууралуу өкмөттүн Жарандардын кайрылуулары секторунун башчысы Айгүл Эшенкулова жер маселеси боюнча митингге чыккандар менен жолукканда билдирди.
Бүгүн эски аянтка 100дөй адам чогулган. Алар премьер-министр Улукбек Мариповдун Бишкектин четиндеги ТЭЦ-2 ишке кире турган болсо 400дөй үй-бүлө көчүрүлөт деген сөзүнө нааразычылыгын билдирип, жерди мыйзамдаштырып берүү талабы менен президентке жолугууга келишкен. Митингчилердин айтымында, өкмөт көптөн бери жерлерди мыйзамдаштыруу убадасын берип келет, бирок чечим чыга элек.
Эшенкулова эртеңки жолугушууга митингчилердин өкүлдөрү гана келишин суранып, тартипти сактоого чакырды.
"Силердин маселе кыйын экен. Аны карап чыгуу керек. Новиков "волшебник" эмес да, эртең киргенде эле маселени чечип жибербейт, ага убакыт керек," — деди Эшенкулова.
400 үй көчүрүлбөйт. Өкмөттүн өкүлү митингчилер менен жолукту
Топтолгондор Новиков дагы маселени толук чече албастыгын айтып, президентке кирүү аракеттерин уланта турганын билдиришти.
ТЭЦ-2 Бишкектин түндүк-батышында, Сокулук районунда жайгашкан. Анын курулуш иштери 1986-жылы башталып, кийин токтоп калган. 2019-жылы өкмөт бул ТЭЦти калыбына келтирүү маселеси каралып жатканын билдирген. Ал эми экс-мэр Азиз Суракматов Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде ТЭЦ-2ни реконструкциялоо жана модернизациялоону тездетүү зарылдыгын билдирип, ишкана газ менен иштеши керектигин кошумчалаган.