Кыргызстандын муфтийи качан шайланары белгилүү болду

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилигине сегиз адам ат салышууда. Бул кызмат февраль айынан бери бош турат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги VII курултайы өтөт. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, бул күнү муфтий кызмат ордуна, Аалымдар кеңешине жана Борбордук текшерүү комитетине өкүлдөр шайланат.
Муфтийдин милдетин Жоробай ажы Шергазыев аткармай болду
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилигине сегиз адам ат салышууда.
Февраль айында УКМК зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланган деп муфтийдин эсепчисин кармаган. Андан кийин муфтий Максатбек ажы Токтомушев кызматтан кетүү боюнча арыз берген.
Атайын кызмат тараткан билдирүүдө муфтияттагылар ишти жаап-жашыруу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаганы да айтылган. Ушул эле күнү Максатбек Токтомушев дагы кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, сыртка чыкпоо боюнча тил кат менен бошоткон.