БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Ирактан кайтарылган кыргызстандык балдардын абалы тууралуу маалымат берди.
Мекеменин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришинче, ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан КР жарандарынын репатриацияланган жашы жете элек балдарын реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыгып, тиешелүү кызматтар көрсөтүлүүдө.
"Учурда балдардын ден соолугу текшерилип, психологиялык жардам берилип жатат. Маанайы жакшы, көнүп келе жатышат. Реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча маанилүү иш-чаралардын бири — балдарга психологиялык жардам көрсөтүү боюнча иш. Жалпысынан балдардын моралдык-психологиялык абалы канааттандырарлык деп бааланат. ВИЧ, вирустук гепатит, холера, безгек оорусуна канынан анализ алынып, ПЦР жүргүзүлгөн. Бардык балдардын тесттери терс натыйжа берди", — деп билдирди министрлик.
Мындан тышкары, балдар үчүн маданий иш-чараларды уюштуруу пландаштырылууда. Бул цирк, куурчак театрларын, концерттерди, интерактивдүү оюндарды жана сынактарды уюштуруу болмокчу.
Эске салсак, 16-мартта Ирак Республикасындагы кыргызстандык 79 бала Бишкекке алып келинген. Эми реабилитациялоо жана реинтеграциялоо иш-чаралары аяктагандан кийин балдар туугандарына берилмекчи.
Бөбөктөр Чүй облусунун балдар борборлорунун бирине жайгаштырылды. Алардын арасында 2 жаштан 18 жашка чейинки 38 эркек, 41 кыз бала бар. Борбордо балдарга бардык шарт түзүлүп, төрт маал тамак берилип турат. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери күнү-түнү коопсуздугун камсыз кылып жатканы айтылган.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги "Мээрим" деп аталган миссиянын аткарылышынын чоо-жайы тууралуу материал даярдаган.