Мамдума мигранттарды каттоонун жаңы эрежелери боюнча мыйзам кабыл алды

Мыйзам менен белгиленген жаңы талаптар Россиянын аймагына 90 күндөн ашык визасыз режим менен кирген бардык чет элдиктерге тиешелүү.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Россиянын Мамлекеттик Думасы мигранттарды манжа издерин тапшырууга милдеттендирген мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу РФ парламентинин маалымат кызматы кабарлады.
"Мамлекеттик Дума мигранттардын манжа изин каттоо боюнча мыйзам долбоорун колдоду", — деп айтылат маалыматта.
Мыйзам долбоору мигранттарды сүрөткө түшүп, манжа издерин милдеттүү түрдө тапшырууга, биометрикалык идентификациядан жана медициналык кароодон өтүүгө милдеттендирет. Бул процедурадан Россиянын аймагына 90 күндөн ашык визасыз режим менен кирген бардык чет элдиктер өтүшү керек.
Жеңилдиктердин мөөнөтү бүттү. Россиядагы элчилик эмгек мигранттарына кайрылды
"Мигранттардын саламаттыгын көзөмөлдөө жолго салынбагандыгы, кооптуу оорулардын диагнозу коюлган адамдарга карата натыйжалуу алгоритмдеринин жоктугу Россиянын аймагында жугуштуу оорулардын жайылуу коркунучун күчөтөт", — деп жазылат анда.
Мындан тышкары, жеке жарандардын биометрикалык маалыматтары боюнча идентификациялоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу издөөдө жүргөн адамдарды аныктоону бир топ татаалдаштырат.
Долбоордун түшүндүрмөсүнө ылайык, айрым мигранттар жогорудагы талаптарды аткарбай да Россияда жүрө алары жазылган.