Тажикстанда балдардын шал оорусу катталды. КР тийиштүү чараларды көрүүдө

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Тажикстанда балдардын шал (полиомиелит) оорусу чыкканын жарыялаган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 1993-жылдан бери жапайы жана поливирустар каттала элек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Тажикстанда балдардын шал (полиомиелит) оорусу чыкканын жарыялаган. Уюмдун адистери абалды экинчи деңгээлдеги өзгөчө кырдаал катары баалашкан.
Айыкпайт десем карабай коесуңарбы? Балдар неврологу олуттуу дарт тууралуу
КРдин Саламаттык сактоо министрлиги өлкө аймагына экинчи типтеги поливирусту киргизбөө боюнча тийиштүү чаралардын бардыгы көрүлүп жатканын билдиришти.
Министрлик Кыргызстанда 1993-жылдан бери поливирус жок экенин, 2002-жылдан тарта республиканын "Полиомиелиттен эркин өлкө" сертификаты бар экенин эскертти.
Полиомиелит менен көбүнчө балдар ооруйт. Оору борбордук нерв системасын, жүлүндү жабыркатат. Эгер өтүшүп кетсе баланы шал кылып коёт.