Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталат

Буга чейин Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда эмдөөнүн алгачкы этабын жүргүзүү үчүн атайын пункттар даярдалганы айтылган эле.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Коронавируска каршы эмдөөнүн алгачкы этабы Кыргызстанда 29-мартта башталат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Ушул тапта Ош шаары менен Чүй облусундагы эмдөө пунктуларында вакциналар даярдалып жатат. Ошондой эле Иммунизация боюнча илимий-техникалык топтун адистери вакцинага документтерди камдап жатканы айтылды.
Биринчи этапта вакцина Тез жардамда, "кызыл зонада" иштеген, оорулуулар менен түздөн-түз байланышта болчу медиктерге, ошондой эле мугалимдер менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерине сайылары айтылды.
Бул этапта Кытайдын SinoPharm вакцинасы пайдаланылат.
Вакцина төмөнкү даректерде жасалат:
Андан соң ыкчам байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен башка аймактарда эмдөө пунктулары уюштурула баштайт.
Бул препаратты Кытай, Бириккен Араб Эмирлиги, Түркия, Өзбекстан, Бахрейн сыяктуу 65 мамлекетте 12 миллион киши алган. Аны 2-8 градус жылуулукта үч жылга чейин сактоого болот. Эмдөө 25-28 күндүк аралык менен эки этапта жасалат. Вакцинаны каалоочулар гана алары айтылган.