Икрамов: вакцинаны биринчи өкмөт башчы, министр, депутаттар алсын

Эл өкүлү Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигин калкты эмдөө жумушу боюнча парламенттин алдында маалымат берүүгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Коронавируска каршы эмдөөнү алгач өкмөт башчыдан, министрден жана депутаттардан баштоо керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билдирди.
Ал Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигин калкты эмдөө жумушу боюнча парламенттин алдында маалымат берүүгө чакырды.
"Эмделгендердин айрымдарынын ден соолугу начарлап, андан өлгөндөр болуп жатканын интернеттен окуп жатабыз. Ошол себептен министрлик алгач парламентке келип вакцина тууралуу маалымат берсин. Мисалы, ал кайдан келет, текшерилгенби? Ошондой эле анын баасын да айтышы зарыл. Эмдөөнү элден биринчи министрлик, премьер-министр, депутаттар баштап бергени оң. Ошого чейин Саламаттык сактоо министрлиги түшүндүрсүн", — деди Икрамов.
Депутат эмдөө башталганда мамлекеттик кызматкерлерди "ким албаса, жумушка келбейт" деген кыйноо боло турганын кошумчалаган.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда эмдөө 29-мартта баштала турганын билдирген.