Саламаттык сактоо министринин орун басарлары Каратаев менен Үсөнбаев иштен алынды

Каратаев менен Үсөнбаев экөө тең пандемия учурунда иштеген. Азырынча ордуларына ким келери белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басарлары Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаев кызматтан алынышканы тууралуу маалыматты аталган министрлик тастыктады.
1 / 2
Мадамин Каратаев
2 / 2
Нурболот Үсөнбаев
Чечим өкмөттүн буйругу менен чыкканы айтылды.
Азырынча экөөнүн ордун ким ээлей турганы белгисиз.
Эскерте кетсек, Каратаев аталган кызматты 2018-жылдан бери, ал эми Үсөнбаев 2020-жылдын башынан тарта ээлеп келген.