БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясынын карамагына баасы 23 миллион 334 миң 120 сом турган төрт жер тилкеси кайтарылып берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Сот прокуратуранын доосун канааттандырып, 24-мартта төрт жер тилкесин калаанын балансына өткөрүп берди.