БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана негизги азык-түлүк товарларынын баасын турукташтыруу максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду кумшекер менен май сатып ала баштады. Бул туурасында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Премьер-министр Улукбек Мариповдун тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду кумшекер жана өсүмдүк майын сатып ала баштады. Буга байланыштуу 506,294 тонна күн карама майы жана 500 тонна кумшекер жеткирүү боюнча келишимдер түзүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Аталган продукцияларды Кыргызстанга импорттоону ушул жылдын апрель айында жүргүзүү пландалып жатат.