"Жаз деми" жарышында 2 800 адам чуркайт. Сунушталган эрежелердин тизмеси

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жарыштын катышуучулары үчүн санитардык эрежелер каралган. Чуркап баштаганга чейин бет кап тагынуу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Быйыл "Бакай банк Жаз деми" жарым марафонуна 2 800 адам катышат. Бул тууралуу Nomad Sport коомдук бирикмесинин директору Арслан Малдыбаев билдирди.
Алардын ичинен 2 500ү — чоңдор, 300ү — жаш балдар. Жөө күлүктөр 5, 10 жана 21,1 чакырымга чуркайт, ал эми балдар 100, 200 жана 500 метр аралыкка жарышат. Массалык жарыш 4-апрель күнү Бишкек — "Манас" аэропорту жолунда өтөт.
Nomad Sport коомдук бирикмесинин директору Арслан Малдыбаев
Малдыбаевдин айтымында, катышуучулардын саны белгиленген чекке жеткендиктен дүйшөмбү күнү каттоо токтогон.
"Албетте, активдүү жашоо образын тандап, ышкыбоздордун саны өсүп жатканы кубандырат. Биз койгон план эки жума мурун толуп калды. Учурда тактап, эсептеп жатабыз. Бош орундар чыгып калса жарыштан бир-эки күн мурун каттоону кайра жандантабыз. 2015-жылы жаңы баштаганыбызда 30-40 адам гана катышчу эле. Кийин 1000 кишиге план койсок, 500ү араң толгон. Ошого карабай беш жылда 50гө чукул спорттук иш-чара уюштурдук", — деди Малдыбаев.
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу "Бакай банк Жаз деми" жарышынын катышуучуларына санитардык талаптар коюлууда. Мурда старт берилгенде баары тегиз чуркаса, бул ирет дистанцияны сактоо үчүн эки-үч секунддук аралык менен төрт жөө күлүк коё берилет.
Төмөнкү эрежелерди сактоо сунушталат:
Иш-чара өтүп жаткан жерге антисептиктер коюлат. Старттык пакет менен кошо санитардык эрежелер тууралуу эскертүү кагазы жана бет кап берилет. Жарыш учурунда дагы LED-экран аркылуу жана 25 ыктыярчы коопсуздук эрежелерин эскертип турат.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу аталган иш-чаранын расмий өнөктөшү.