Жарым жылаңачтанып сүмөлөк бышырган кыздардын чуусу. Өзбекстандагы окуя

Өзбекстандык кыздардын кылыгы социалдык тармактын жергиликтүү колдонуучуларынын нааразылыгын жараткан. Алардын Үргөнчтөгү "Сахара" клубунда иштээри белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыздардын жарым жылаңач болуп алып сүмөлөк кайнаткан видеосу тарап кетип, ал коомчулукта кызыл чеке талкууну жараткан.
Ноокенде өспүрүм кызды опузалап акча талап кылган адам кармалды
Көп өтпөй ал кыздардын ким экендиги такталган. Алардын Үргөнчтөгү "Сахара" клубунда иштээри белгилүү болду.
Sputnik Өзбекстан кыздар бул кылыгы үчүн кечирим сурагандыгын кабарлап, видеосун таратты.
Маалыматта аларга карата Үргөнч шаардык соту иш козгоп, үчөө майда бейбаштык боюнча 15 суткага административдик камакка алынганы айтылат. Ал эми калгандары 1,225 миллион сумдук (116 доллар) айыпка жыгылган.