Радио

Дүйшөнкулова: А витамининин жетишсиздигинен көрүүсү начарлаган балдар көбөйдү

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгери Марина Дүйшөнкулова витаминдерди дарыгер жазып бергенде гана кабыл алуу керектигин айтты.
Sputnik
Айрым үй-бүлөлөр бала-чакасы менен витамин ичишет. Гиповитаминозго караганда гипервитаминоз, тагыраак айтканда, витаминдин ашыкча болушу кооптуу. Организмдин иштеши бузулганы аз келгенсип, онкологиялык ооруларды чакырат. АКШнын изилдөөчүлөрү муну аныктап чыгышкан. Бул тууралуу Марина Дүйшөнкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, А витамининин жетишсиздигинен көрүүсү начарлап, көз айнек тагынган балдар көбөйдү.
"Азыркы учурда дарыканаларда, соцтармактарда түрдүү витаминдер жарнамаланып байма-бай сатылып жатат. Товар АКШдан келген десе эле баары алып колдонушууда. Эскерте кетчү жагдай, сатуучулар биринчи кезекте өзүнүн кызыкчылыгын ойлошот. Ошондуктан мультивитаминдерди алуудан мурда анын курамында эмне бар, канча өлчөмдө экенин билип алыш керек. Көпчүлүк адамдар витаминди ичип 500 миллиграмм суткалык норманы толтурса болот десе ишенишет. Витаминдерди организм толук сиңирбейт. Ал абалына жараша, алсак, ашказан же башка өнөкөт оорулары бар адамдардын организми витаминдин кандайдыр бир пайызын гана өзүнө алып калат. Ал эми витаминдер бул дары-дармек болгондуктан дарыгердин сунушу жок өзү билемдик менен ичкенге болбойт. Анын дагы убакыт-сааты болот. Азыркы учурда балдарда да, карыларда да гиповитаминоз байкалууда. А витамининин жетишсиздигинен көрүүсү начарлап, көз айнек тагынган балдар көбөйдү. Аталган витамин жетишсиз болгондуктан күүгүмдө адамдар жакшы көрбөй калат. Жарыктан караңгы бөлмөгө киргенде да көз көптөн кийин көрөт", — деди Дүйшөнкулова.
Адис А витамини калемпир, өзгөчө, сабизде көп экенин айтып, аны чийки жесе жаакка жана тишке пайдалуу экенин кошумчалады.