Премьер: өкмөт курулушу токтоп калган мектептердин баарын толук бүтүрөт

Мындай сөзүн премьер-министр Нарындын Кочкор районунун Туз айылындагы орто мектептин курулушун көрүп жатып айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү бюджеттин тартыштыгына карабастан, бардык күч-аракетти курулушу аяктабаган мектептерди толук бүтүрүүгө жумшайт. Бул туурасында премьер-министр Улукбек Марипов Кочкор районунун Туз айылындагы орто мектептин курулушун көрүп жатып айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 3
Премьер-министр Улукбек Марипов Кочкор районунун Туз айылындагы орто мектептин курулушун көрүүдө
2 / 3
Туз айылындагы 225 окуучуга эсептелген мектептин курулушу 2019-жылы башталган.
3 / 3
Долбоордун тендердик наркы 58,3 миллион сомду түзөт, ал эми курулуш иштери 70 пайызга бүткөрүлгөн.
Туз айылындагы 225 окуучуга эсептелген мектептин курулушу 2019-жылы башталган. Долбоордун тендердик наркы 58,3 миллион сомду түзөт, ал эми курулуш иштери 70 пайызга бүткөрүлгөн.
"Аталган мектепти толук бүткөрүүгө бюджеттен тийиштүү каражат бөлүнөт. Жаңы окуу жылында балдар билим алууга бардык шарты бар мектепке барышат. Тилекке каршы, казынада каражаттын жоктугуна байланыштуу курулушу токтоп тургандары бар. Түзүлгөн кырдаалга карабастан өкмөт курулушу 60-70 пайыз тургузулган мектептерди толук бүткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Жакынкы үч жылдын ичинде бул иштер жыйынтыкталууга тийиш", — деди Марипов.
Кара-Сууга аким болом деп 74 адам арыз берди
Өкмөт башчы Кочкор районунун бир катар айылдарынын тургундары менен жолугушту. Анда сугат суу, ирригациялык объектилердин эскилиги, курулушу токтоп калган мектептер, азык-түлүккө баанын жогорулашы жана социалдык жөлөк пулга байланыштуу маселелер талкууланды.
Премьер акимдердин инвестиция тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшүү, аймактардын экономикалык жагымдуулугун камсыздоо, калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууда натыйжалуу иштеши маанилүү экенин белгиледи.
Марипов белгилегендей, калктын көйгөйлүү маселелерин чече албаган акимдер бул үчүн мотивациясы, ниети жана билими жетиштүү адистерге ордун бошотушу керек.