Кайталангыс ирмемдер. Хабибдин UFC уюмундагы кармаштары бир видеого топтолду

Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) көрүүчүлөр үчүн жеңилбес чемпион бойдон спорттон кеткен Хабиб Нурмагомедовдун беттештерин бир видеого сыйдырды.
Sputnik
Россиялык спортчу UFC уюмунда 2012-жылдан тарта күч сынашып, 13 беттеш өткөрүп, бардыгында тең утуп чыккан. Деги эле буга чейинки лигаларда күч сынашканда дагы жеңилүү ызасын тарткан эмес.
Хабибдин Eagle FC уюму Кыргызстанда турнир өткөрүүнү пландап жатат
Россиялык мушкер 2020-жылдын октябрь айында Гэтжини уткандан соң карьерасын жыйынтыктаганын жар салган эле. Жакын арада Хабиб Нурмагомедов расмий түрдө спорттон кеткенин промоушендин президенти Дана Уайт билдирди.