Окуя Индиянын Сурьяпете шаарында кабадди боюнча улуттук чемпионаттын ачылышында болгон. Оюн башталгандан бир нече мүнөт өткөн соң трибуна кулап кеткен.
Алдын ала маалыматтар боюнча, анда 1 500 адам отурган. Бул тийиштүү нормадан ашып кеткен. Кырсыктан жүзгө чукул киши жабыркаган. Каза болгондор жок.