Гүлжигит Алыкулов экинчи ирет Азия боюнча "Аптанын футболчусу" болду

Казакстандын "Кайрат" клубу үчүн ойногон жарым коргоочу эки жума катары менен мыкты аталды. Ал жаңыланган рейтингде ирандык оюнчуну артта калтырган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Азия чөлкөмүндө "Аптанын оюнчусу" номинациясын экинчи ирет жеңип алды. Бул тууралуу АФК билдирди.
Конфедерация жума сайын мыкты оюн көрсөткөн талапкерлерди тандап алат. Андан кийин АФКнын сайтынан күйөрмандар добуш берет.
Футболчу Айдана Оторбаева Дүйнөлүк футбол уюмунун атайын сыйлыгына татыды
Алматынын "Кайрат" клубунда ойноп жаткан Алыкулов 3-9-март аралыгындагы мыкты футболчу деп табылган. "Кыргызстандык Месси" атыккан оюнчуга күйөрмандардын 45,02 пайызы добуш берген. Экинчи орунду петербургдук "Зенит" клубунун оюнчусу Сердар Азмун ээлеген.
Жакында эле экинчи жуманын жеңүүчүлөрү аныкталды (10-16-март аралыгы). Биринчи орунга кайрадан эле Алыкулов чыгып, күйөрмандардын 51,21 пайыз добушун алды. Ал эми Азмун (35,98 пайыз добуш) дагы деле экинчи орунда.
Буга чейин Алыкулов укмуш гол киргизип башкалардан өзгөчөлөнгөн.