Башкасы менен эмделгени да бар. Франциялыктар "Спутник V" вакцинасына кызыгууда

Респонденттердин 41 пайызы башка препараттар менен эмделгенине карабай “Спутник V” вакцинасын алуу ниетин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Франциянын тургундарынын 25 пайыздан ашыгы россиялык "Спутник V" вакцинасын алууну каалайт. Бул тууралуу IFop компаниясынын Sputnik радиосу үчүн жүргүзгөн сурамжылоосунда айтылат.
Сурамжылоого катышкандардын 45 пайызы коронавируска каршы эмдөө алууну пландап жатат, 11 пайызы мурда эмделип бүткөн.
Ал эми респонденттердин 41 пайызы буга чейин башка препараттар менен эмделгенине карабай “Спутник V” вакцинасын алуу ниетин билдирген. Ошону менен бирге
IFop компаниясынын сурамжылоосу
26 пайызы эгер россиялык вакцина Европада жеткиликтүү болсо эмделүүгө даяр экенин айтышкан.
"Спутник V" вакцинасына кызыккандардын көпчүлүк бөлүгү жетекчилик кызматтагылар жана солчул партиялардын тарапташтары экени белгиленет.
Катышуучулардын 34 пайызы киргизилген чектөөлөр жашоосуна пандемиядан да негативдүү таасир эткенин моюндашкан. Карантиндик катаал чараларга каршы чыккандар 25-34 жаштагы адамдар болууда.
Изилдөөнү Франциянын коомдук пикирди билүү менен алектенген эзелки IFop компаниясы жүргүзгөн. Сурамжылоо 17-18-март күндөрү болуп, 18 жаштан жогорку 1009 франциялык катышкан. Алар жынысына, жаш курагына жана жашаган жерине карап тандалган.