БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Twitter социалдык тармагындагы алгачкы билдирүү 2,9 миллион доллардан ашык акчага сатылды. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.
Алуучу эң алгачкы твитти кайра сатса болот же инвестиция катары "өзүнүн жеке коллекциясына" сактап коё алат. Дорси буга чейин билдиргендей, аукциондон түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалмакчы.