БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Россия ТИМ жетекчиси Сергей Лавров кытайлык кесиптеши Ван И менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин Брюссель Москва менен болгон алака-катнашын жойду деп билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Министр Европада улуттук кызыкчылыкты туу тутуп, Россия менен өнөктөштүк ымаласын сактаган өлкөлөр аз эле калгандыгын, калганы болгон механизмдерин жок кылгандыгын белгиледи.
"Азырынча Батыш фронтубуз өзгөрүүсүз, ал эми Чыгышта биздин күн тартип өтө тез ылдамдыкта кетип, ар бир жыл улам маңыздуу боло баштады", — деп кошумчалаган ал.
Муну менен катар эле Лавров эгерде Европа жаратып алган кемчилигин жойсо, Москва байланышты калыбына келтирерин айткан.
Акыркы учурда Евробиримдик менен Россиянын ортосундагы карама-каршылыктар Алексей Навальныйдын айланасындагы кырдаалдан улам курчуп кетти. Брюссель Россияга каршы санкцияларды киргизди. ТИМден муну "туңгуюкка кептелген жана туура эмес жол" деп атап, ага жооп кылууга убада кылды.
Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремлдегилер Москвага карата санкциялар максатына жетпесин бөркүндөй көрүп тургандыгын айтты.