COVID: соңку суткада көз жумгандар жок, ооругандар айыккандардан көп

Өкмөт кыргызстандыктарды COVID-19дун жайылып, күчөп кетишинин алдын алуу максатында санитардык эрежелерди бекем сактоону улам-улам эскертип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстанда соңку суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок, илдетти 75 адам жуктуруп алса, 51 бейтап айыгып чыкты. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматта кечээ күнү коронавирустан каза тапкандардын катталбагандыгы айтылды.
Статистиканы карай келгенде ооругандар адаттагыдай эле Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп.
Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алгандар:
Бир сутка ичинде COVID-19дан сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Бул күнгө чейин Кыргызстанда коронавирус 84 274 ирет катталып, андан каза тапкандардын саны 1490го жетти.
Өкмөт оорунун таралып кетишин алдын алуу максатында кыргызстандыктарды санитардык эрежелерди так сактоону суранууда.