Шаршембиге карата аба ырайы

Шаршембиге караган түнү жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көлдө күн ачык болот.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. 23-мартта күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +13...+18, Таласта +12...+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15…+20, Ысык-Көлдө +7...+12, Нарын жергесинде +5...+10 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +15...+17, Ошто +18...+20 градуска көтөрүлөт.