БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы (U-23) "Үч улуттун кубогу" аталышындагы эл аралык турнирде биринчи беттешинде Бангладеш командасына утулуп калды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Оюн Катмандудагы "Дашаратх Рангасала" стадионунда өттү. Биринчи тайм бангладештик футболчулардын пайдасына 1:0 эсебинде аяктады. КР командасынын коргоочусу Кумарбай уулу Баяман өз дарбазасына гол киргизип алды.
23 жаштан төмөнкү спортчулар ойногон Кыргызстандын курама командасы "Үч улуттун кубогу" мелдешине 22-30-март күндөрү катышып жатат. Аларга Бангладеш жана Непал командалары атаандаш. Шарт боюнча бардык командалар бири-бири менен ойноп чыгып, финалда эки команда беттешет.
Алдыда дагы бир оюн бар. Кыргызстандык футболчулар непалдык атаандаштары менен 25-мартта жолугат.