“Кабар” агенттиги РФтин “Российская газета”  басылмасы менен кызматташат

"Российская газета” — Россия өкмөтүнүн күн сайын жарык көргөн расмий басылмасы. Эми ал “Кабар” улуттук маалымат агенттиги менен расмий келишимдин негизинде кызматташат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында “Кабар” улуттук маалымат агенттиги менен “Российская газета” басылмасынын ортосунда кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйын учурунда “Редакция “Российской газеты”  федералдык мамлекеттик мекемесинин генералдык директорунун орун басары Андрей Першин билдирди.
Анын айтымында, келишимдин негизинде тараптар контент алмашуудан тарта ири маалыматтык иш-чараларды уюштурууга чейин кеңири мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алышат.
“Ушул тапта контент алмашуу жагынан “Российская газета” менен РФтин  574 аймактык ЖМКлары өнөктөш катары иштешет. Эл аралык деңгээлге чыгып жатабыз. Кыргызстан чет мамлекеттер арасында биз менен келишимге кол койгон биринчи өлкө болуп калды. Эми кыргызстандык журналисттер россиялык саясатчыларга түз эле суроо бере алат. Стратегиялык өнөктөш мамлекеттер үчүн бул өтө маанилүү”, — деди Першин.
Россияда билим алган КР студенттери окуусуна кайтууга уруксат алды
Ал эми “Кабар” агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев эки ЖМК ортосунда 10 жылдан бери байланыш бар экенин белгиледи.
“Мындан ары дагы кызматташтыгыбыз бекемдеп, биз көтөргөн темалар эки тараптын тең аудиториясына кызыктуу болот деп үмүттөнөм”, — деди ал.
"Российская газета” — Россия өкмөтүнүн күн сайын жарык көргөн расмий басылмасы. Нускасы — 115 миңден 3 миллион 200 миң даанага чейин жетет.