Бишкекте троллейбус каршы тилкеге чыгып, трансформаторду сүзүп алды. Видео

Маалымат катчынын айтымында, троллейбустун алдынан велосипедчен адам чыга калган. Коомдук транспорттун айдоочусу кагылышуудан качып, трансформаторго урунган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бишкекте троллейбус карама-каршы тилкеге чыгып кетип, трансформаторго барып урунду. Бул тууралуу калаанын Кайгуул милиция кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу Sputnik Кыргызстан редакциясына билдирди.
Кырсык болгон жердеги видео "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү.
Кайгуул милиция кызматынын маалыматына караганда, жол кырсыгы болжол менен саат 6:00дө Өмүракунов көчөсүндө болгон. Айтикул уулунун айтымында, троллейбустун алдынан велосипедчен адам чыга калган. Коомдук транспорттун айдоочусу кагылышуудан качып, трансформаторду сүзгөн.
Ошол учурда троллейбустун ичинде жүргүнчү болгон эмес. Айдоочу аял жабыркаган жок, териштирүү иштери жүрүп жатат.