Бишкекте COVID жуктургандардын саны өсүп, санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Мэрия санитардык талаптарды аткарууда жоопкерчилик жетекчилерге жүктөлөрүн айтып, ишкерлерден кызматкер, кардарларына коопсуз шарт түзүп берүүнү өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Борбор калаада коронавирус жуктургандардын саны көбөйө баштагандыктан, Бишкекте санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, өткөн суткада Бишкекте 56 адамдан коронавирус аныкталып, оору илештиргендердин саны 29 645ке жетти.
"Эпидкырдаал көзөмөлдө, ошентсе да бири-бириңерди карагыла. Илдет жуктургандардын саны өсө баштагандыктан вице-мэр Айжан Чыныбаеванын тапшырмасы менен санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Чарба субъектилеринде мобилдик бригадалардын саны көбөйтүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия санитардык талаптарды аткарууда жоопкерчилик жетекчилерге жүктөлөрүн айтып, ишкерлерден кызматкер, кардарларына коопсуз шарт түзүп берүүнү өтүндү.
Муниципалитет шаардыктарды бет капты түшүрбөй тагынууга чакырып, спорт менен машыгууга үндөдү.