ЖК депутатынын пара менен кармалган бир тууганы айып пул төлөп эркиндикке чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөновдун бир тууганы 20 миң сом пара алып жаткан жеринен УКМК менен Финполдун кызматкерлери кармаган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөновдун пара алууга шектелип кармалган бир тууганы Бактияр Төлөнов айып пул төлөп эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Октябрда акталган министр Өмүралиевди сот кайра күнөөлүү деп таап, айыпка жыкты
Биринчи май райондук сотунун токтомуна караганда, 2020-жылдын 9-январында Бактияр Төлөнов 20 миң сом пара алып жаткан жеринен УКМК менен Финполдун кызматкерлери кармаган. Документте Төлөнов жеке тараптан чет элдеги эмгек мигранттарынын ишине лицензия берүү боюнча маселени чечип берүү үчүн 1 500 доллар талап кылганы айтылат.