Апта ирмеми: Байдендин кулап кеткенинен тарта Жер-Үй кенинин ачылышына чейин

Sputnik

Тель-Авивдеги (Израиль) Габима аянтында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун белгисиз сүрөткер жасаган жылаңач айкели пайда болду. Бир нече саат тургандан кийин аны муниципалитеттин кызматкерлери алып салышкан.

Гватемалада Фуэго жанар тоосу атылды.

"Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактан Кыргызстанга эки жаштан 18 жашка чейинки 79 бала (38 бала жана 41 кыз) алып келинди.

Жапаров менен Мирзиёевден тарта чай берген кытайлык кыздарга чейин. Апта ирмеми
РФтин президенти Владимир Путин менен коргоо министри Сергей Шойгу тайгада эс алышты.

Лос-Анджелесте (АКШ) кезектеги "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземи болду.

Американын президенти Жо Байден Атлантага учуу алдында самолётко көтөрүлүп баратып траптан жыгылып, эки ирет тизелеп калды.

Чолпон-Ата шаарында Көк бөрү боюнча республикалык мелдеш өттү.

Кыргызстан, Россия өлкөлөрүнүн президенттери Садыр Жапаров менен Владимир Путин Таластагы Жер-Үй кениндеги алтын иштетүүчү фабриканы ачышты.

Бейрутта (Ливан) нааразычылык акциясы өттү.

1 / 19
Гватемалада эл Фуэго жанар тоосунун атылганына күбө болуп жатышат
2 / 19
Индияда балдар аялга таттуу өсүмдүктөн шире сыгып алууга жардам берип жатышат
3 / 19
Жакартадагы Намарин бий мектебинин балерина кызы коргоочу бет кап менен балет бийин аткарууда
4 / 19
РФтин президенти Владимир Путин тайгадагы эс алуу убагында тоодо-түздө жүрүүчү атайын транспортту айдап бара жатат
5 / 19
Британиялык The Sun гезитине каршы жалаа жабуу өкүмүнө даттанып жаткан кино жылдызы Джонни Деппти колдоого келген күйөрмандары. 2020-жылдын ноябрь айында Депп өз жубайын сабаганы боюнча жазган Sun басылмасына сотто жеңилген. Лондондун соту актёрго коюлган айыптар чын экендигин белгилеп, талашта басылманын пайдасына чечим чыгарган.
Эмбер Херд менен ажырашкан чуусунан кийин көптөгөн киностудиялар жана бул жаатта кызмат көрсөтүүчү мекемелер актер менен иштешүүдөн баш тартышкан.
6 / 19
16-мартта "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактан Кыргызстанга алып келинген үч жаштан 18 жашка чейинки 79 бала (38 бала жана 41 кыз) Чүйдүн балдар борборлорунун бирине жайгаштырылды. Балдар туугандарына берилерден мурда реабилитациядан өтүшөт.
7 / 19
Пекинде кум учкан бороонго карабай аял көчөдө велосипед тээп бара жатат
8 / 19
Тель-Авив (Израиль) муниципалитетинин кызматкерлери Габима аянтында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун белгисиз сүрөткер жасаган жылаңач айкелин бузуп жатышат. Статуя муниципалитеттин кызматкерлери алып салганга чейин бир нече саат турган.
9 / 19
Коммуналдык кызматтын кызматкерлери Москвадагы Поклонная гора дөңсөөсүндөгү Жеңиш эстелигин жууп жатышат
10 / 19
Ырчы Дожа Кэт (Doja Cat) "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземинде
11 / 19
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Россиянын лидери Владимир Путин Талас облусундагы Жер-Үй кенидеги фабриканы ачышты. РФ президенти иш-чарага онлайн форматында катышкан.
12 / 19
Нью-Йоркто (АКШ) ыйык Патрик күнүндө кардарлар бардын пластикалык алачыктарында сыра ичип жатышат
13 / 19
Ош шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына арналган салтанат өттү
14 / 19
Гагарин кубогуна арналган Континенталдык хоккей лигасы мелдешинин Батыш конференциясынын жарым финалында ЦСКА (Москва) менен "Локомотив" (Ярославль) командаларынын беттешинде ЦСКА командасын колдогон топтогу кыз
15 / 19
АКШ президенти Жо Байден Атлантага учар алдында президенттик самолёттун шатысы менен чыгып бара жатып эки ирет тизелеп кулады. Ал тезинен ордунан туруп траптын башына чыгып, узатып келгендерге кол булгалаган. Ак үйдүн маалымат кызматы буга катуу шамал себеп болгонун билдирип, президенттин абалы жакшы экенин айтып чыкты.
16 / 19
"Достук" менен "Ынтымак" командалары Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү мелдешинин финалында таймашып жатышат. Таластын "Ынтымак" командасы буллиттен кийин 6:5 эсебинде жеңип алышты. Мелдеш легендарлуу улакчылар, көк бөрүнүн эрежесинин негиздөөчүлөрү Болот Шер, Болот Шамшиев жана Темир Дүйшекеевдин элесине арналды.
17 / 19
Испаниянын Каталония аймагындагы Лерида провинциясына караштуу Айтонада гүлдөгөн шабдалы багынын фонунда аял селфиге түшүп жатат
18 / 19
Германиядагы фермада бири-бири менен ойноп жаткан ирландиялык аттардын сүрөтү
19 / 19
Ливандын борбору Бейрутта нааразычылык акциясы өтүп жаткан тушта гүл сатып жаткан сириялык бала