Трамп Байдендин учакка чыгып бара жатып жыгылганы боюнча үн катты

Буга чейин Жо Байден учакка чыгып бара жатып бир нече ирет чалынып, андан кийин тизелеп отуруп калган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп азыркы ажо Жо Байдендин учакка чыгып бара жатып жыгылган окуясы боюнча үн катты. Анын сүйлөгөн сөзү TikTok тармагына жарыяланганын РИА Новости жазды.
"Жо Байден трапта кетип баратып "Мен ага утулган жокмун" деп сүйлөнүп баратканын карап турдум", — деди Трамп.
Эске салсак, буга чейин Жо Байден учакка чыгып бара жатып бир нече ирет чалынып, андан кийин тизелеп отуруп калган. Анын бул видеосу соцтармактарга тараган.
Ак үй Байдендин абалы 100 пайыз жакшы экенин айтып, АКШ президентинин учакка чыгуусун катуу шамал кыйындатканын билдирген.