Радио

Ражиев: эл шайлоого даярданып, быйылкы туризмди ойлогон жок

Коомчулукка негизделген туризм ассоциациясынын аткаруучу директору Асылбек Ражиев кышында Караколго барып лыжа тепкен ички туристтер көп болгонун айтты.
Sputnik
Бишкектеги көптөгөн туркомпаниялар кызматкерлеринин 90 пайызын эмгек өргүүгө же иштен кетиришти. Айрымдары багытын өзгөртүп, чай сатып же логистикалык компания болуп алганына күбө болдум. Бул тууралуу Асылбек Ражиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азыркы шартта кыргызстандыктар Түркия, БАЭ, Египет мамлекеттерине саякаттаса болот.
"Быйылкы туристтик сезон кандай болорун болжолдоо өтө кыйын болуп турат. Бул туристтер жашаган мамлекеттеги эпидемиологиялык абалга байланыштуу. Учурда чет элдиктер ПЦР тесттин анализи менен келип жатышат. Бул жылы өткөн жылга караганда өсүш болот деп күтүп жатабыз. Туризмди жолго салуу үчүн башка өлкөлөрдөй мамлекеттик деңгээлде олуттуу чара көрүлгөн деле жок. Мисалы, Өзбекстанга учуп барган турист аэропорттон 12 долларга ПЦР тесттен өтө алат. Мындай ыңгайлуу шарт БАЭде да бар. Эми бул башкы маселе деле эмес. Негизги көйгөй биз күткөн, туристтер келет деп көздөп жаткан мамлекеттерде чектөөлөр дагы деле бар. Анын үстүнө көп авиакаттамдар учпай, учса да билеттин баасы кымбат болууда. Пандемиядан улам Кыргызстандан чет мамлекетке баруу кымбаттады. Ал эми сырттан келген туристтер үчүн баа өзгөргөн деле жок. Ички туристтер үчүн саякат арзандатылып, ыңгайлуу тур-пакеттер уюштурулууда. Негизи 30 жылдан бери кыргыз туризмине өкмөт тарабынан түздөн-түз колдоо боло элек. Ооба, визасыз режим сыяктуу жеңилдиктерди берген мыйзамдар кабыл алынды. Ал эми азыр өкмөт реформаланып, туризм департаменти кайсы министрликке кошулары белгисиз. Жайкы сезонду ачуу боюнча да суроо чечиле элек. Чынын айтканда, адамдар жергиликтүү кеңешке даярданып, референдум башкы маселе болуп туризмди ойлогон деле киши жок. Өкмөт структурасын түзө албай убара, анын жанында туризм кичинекей эле маселе болуп калса керек. Ошентсе да туризм элди бага турган индустрия болгондуктан эң биринчи кезекте президенттин алдындагы коомдук кеңеш түзүлүшү керек деп эсептейм", – деди Ражиев.
Адис учурда массалык эмес индивидуалдуу же чакан топ менен эс алуу актуалдуу болуп баштаганын кошумчалады.