Путин эртең коронавируска каршы Россиянын вакцинасын сайдырат

Буга чейин Путин чыгарылган вакциналар анын курагына туура келбегендиктен сайдырбай жатканын айткан болчу. Дмитрий Песков ал ата мекендик үч вакцинанын бирөөсүн колдоно турганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин эртең коронавируска каршы вакцина аларын билдиргенин РИА Новости жазды.
"Эмдөөдөн өтүү бул, албетте, ар бир адамдын өз эрки, жеке чечими. Айтмакчы, мен дагы эртең сайдырайын деп ниеттенип жатам", — деген ал коронавируска каршы вакцина алуу боюнча онлайн жыйын учурунда.
Кеп кайсы препарат тууралуу болуп жатканын тактаган эмес, бирок президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков агенттикке ал ата мекендик үч вакцинанын бирөөсүн колдоно турганын айткан.
Буга чейин Путин анын курагына вакциналар туура келбегендиктен сайдырбай жатканын айткан болчу.
Эске сала кетсек, Россия "Спутник V", "ЭпиВакКорона" жана "КовиВак" вакциналарын сыноодон өткөрүп жатат.