MegaCom интернет эмнеге үзгүлтүккө учураганын түшүндүрдү

Интернет жарым саатка жок болуп, андан кийин калыбына келтирилген. Компания жаралган ыңгайсыздыктар үчүн абоненттеринен кечирим сурады.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. MegaCom бренди менен таанымал "Альфа-Телеком" ЖАКсы кыргызстандыктар эмне себептен интернетсиз калганын түшүндүрдү.
ИИМ: телефон алдамчылары бизнесмендерди сызга отургузган схема түзүп алышкан
Компаниянын маалымат кызматы билдиргендей, түйүндө техникалык мүчүлүштүктөр болуп, аны жоюуга адистер тартылган. Уюлдук байланыштын интернети жарым сааттан кийин калыбына келгени, учурда толугу менен иштеп жатканы айтылды.
Ишкана келтирген ыңгайсыздыктар үчүн абоненттеринен кечирим сурады.