Кыргызстандык Ангелина ТНТ каналынын моделдер тууралуу долбооруна тартылды

Гаранинанын 11 жашында буту кесилген. Ошондон бери ал биомеханикалык протездин жардамы менен басып жүрөт. Ал эки жыл мурда "Кыргызстандын сулуусу — 2019" конкурсуна чакырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстандык Ангелина Гаранина "Сен ТНТдагы топ-моделсиң" долбоорунун кастингине катышты.
Эскерте кетсек, Гаранинанын 11 жашында остеосаркомадан улам буту кесилген. Ошондон бери ал биомеханикалык протездин жардамы менен басып жүрөт. Ал эки жыл мурда "Кыргызстан сулуусу — 2019" конкурсуна чакырылган.
Долбоорго катышып жатып Гаранина Бишкекте төрөлүп, учурда Россиянын Санкт-Петербург шаарында жашаарын айтты. Тилекке каршы, ал жарыштын кийинки баскычына өтө алган жок. Калыстар долбоордо алдыда оор баскычтар болорун, буга Ангелина туруштук бере албай кыйналарын белгилешти. Деген менен аны ар тараптан колдоого алууну убада кылышты. 
"Сенин бул жакка келгениңе мен аябай кубандым. Чын жүрөгүмдөн сүйүндүм. Сен аябай сулуусуң. Сени көргөн улан-кыздар үлгү алышат", — деген калыстар тобунун мүчөсү Гоша Карцев.
Гаранина болсо долбоордон алган таасирлери тууралуу өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу айтып берди. 
"Мен "Сен ТНТдагы топ-моделсиң" аттуу долбоорго катыштым. Чынын айтсам, долбоорго арыз жиберип жатканда катышып каларыма көзүм жеткен эмес. Долбоорго катышуу тууралуу чакыруу келгендеги сезимдерди сөз менен айтып бере албайм. Мен биздин моделдик дүйнө ар бир адамдын өзгөчөлүгүн кабыл алууга даяр же даяр эместигин билчү эмесмин. Деген менен тобокелчиликке барып, мүмкүнчүлүктү колдонууну чечтим", — деп жазган ал.
Гаранина кандайдыр бир жаңычылдык жасап, эч нерседен тайманбаш керектигин көрсөткүсү келген.