БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 73 адамдан табылып, 38 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Бир сутка ичинде оору илештиргендерди кошкондо өлкөдө коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 87 462ге жетти.
Айыккандар:
Өлкө боюна жалпы 84 223 бейтап дартты жеңди. Бактыга жараша, бир сутка ичинде өлүм учурлары катталган жок. Азыркы тапта 446 бейтап ооруканаларда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 125 адамдын абалы оор болсо, 19 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Кечээтен бери Чүйдөн бир медиктен коронавирус табылган.