Brave уюму атаандашын сулата чапкан Немат менен төрт беттешке келишим түздү

Жакында эле промоушендин турниринде дебюттук беттешке чыккан Немат Абдрашитов россиялык атаандашы Анзор Абдулходжаевди нокаутка кетирип утуп алган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Немат Абдрашитов Brave CF уюму менен төрт кармаш өткөрүүгө келишим түздү. Бул тууралуу мушкер Instagram баракчасына жазды.
Сүрөттөн анын кагаздарга кол коюп жатканын көрүүгө болот.
"Brave CF уюму менен төрт беттешке келишим түзүлдү. Досум жана менеджерим Маратка рахмат. Эми кармаштын убактысын күтүү керек, эң кызыктуу учурлар алдыда", — деп жазган Абдрашитов.
Эске салсак, жакында эле промоушендин турниринде дебюттук беттешке чыккан Немат Абдрашитов россиялык атаандашы Анзор Абдулходжаевди нокаутка кетирип утуп алган.
Ал адегенде атаандашынын мойнунан муунтууга аракет кылган кучагынан чыгып, өзүн ээк тушка сокку уруп сулата чапкан.
Беттештин видеосу көптөгөн көрүүчүлөрдү топтогон.