Жердеги нефть качан түгөнөт. Окумуштуунун божомолу таң калтырды

Окумуштуу эмитен энергиянын альтернативдик булактарын колдоно баштоону сунуштайт. Мисалы, Күндүн энергиясын айтпаганда деле көмүр жана жаратылыш газын суутек менен алмаштыруу керектигин айтат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Казып алынуучу энергетикалык ресурстар, анын ичинде нефть дагы Жерде 50 жылдан кийин түгөнөт. Бул тууралуу Paper басылмасы Кытай илимдер академиясынын мүчөсү Сюэ Цикуняга шилтеме берип жазды.
Кадырбаев: бензин дагы кымбаттап, 7-10 сомго чейин кошулат
Андыктан окумуштуу эмитен энергиянын альтернативдүү булактарын колдоно баштоону сунуштайт. Мисалы, Күндүн энергиясын айтпаганда деле көмүр жана жаратылыш газын суутек менен алмаштыруу керектигин айтат.