Радио

Мураталиев: Улустун улуу күнү жана Нооруз — эки башка майрам

"Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев эмнеге Нооруз майрамында "улустун улуу күнү" деп айтыларын түшүндүрүп берди.
Sputnik
Нооруз майрамы өлкө эгемендүүлүк алгандан тарта эле ушул аталыш менен белгиленип калды. Негизи кыргызда күн менен түн теңелген жазгы убакты Улустун улуу күнү деп атап, майрамдашкан. Бул тууралуу Мелис Мураталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Нооруз көчмөн калктын эмес, отурукташып калган чыгыш элдеринин майрамы.
"Кыргызда Нооруз деген майрам болгон эмес. Жазгы күн менен түндүн теңелүүсүн ата-бабаларыбыз Улустун улуу күнү же Улуу күн деп аташкан. Минтип аталып калганы боюнча ар кандай легендалар айтылып жүрөт. Алардын биринде жоо чаап, элде эркек аттуунун баарын кырып кеткенде жаш балдары менен аялдар тоого качып кетишет. Алар бир колотту мекендеп жашап калышат. Жылдар өтүп жаш балдар эрезеге жетип калганда арасынан эң улуусун тандап өздөрүнө хан көтөрүшөт. Ал жөрөлгөнү атайын так ушул күнгө, күн менен түн теңелген, азыркы тилде айтканда 21-мартка коюшат. Анткени күн узарган сыяктуу мындан ары жакшылыктар көп болсун деп тилек кылышат. Балдарын улуусун хан көтөрүп, өзүнчө эл болуп түптөлгөн күндү Улуу күн деп атап, ошондон кийин бул күндү майрамдап калышат. Азыр белгиленип жүргөн Нооруз майрамында аластоо жөрөлгөсүндө бул аталыш колдонулуп жүрөт", — деди Мураталиев.
Кыргыз таануучу Нооруз майрамынын да ар элде келип чыгуу себеби ар кандай болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.