БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Бүгүн Ош шаарында Нооруз майрамы массалык түрдө майрамдалууда. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, ар бир жергиликтүү башкаруу аймактарында салтка айланган сүмөлөк бышырылып, мындан тышкары, палоо фестивалы өткөрүлөт.
"Шаар тургундары менен коноктору үчүн чыгармачыл коллективдер улуттук каада-салтты чагылдырган майрамдык программаларды даярдашты. Ошондой эле спорттук оюндар боюнча мелдештер өтүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми Бишкек муниципалитети коронавирус инфекциясына байланыштуу борбор калаада массалык иш-чараларга чектөө киргизген.