Радио

Досматова: кийинки муунга Ноорузда жасалчу жөрөлгөлөрдү түшүндүрүү зарыл

Салттуу баалуулуктарды жайылтуучу Жаңылкан Досматова ата-бабалар арча же адырашманды сасык тумоо, вирустарга каршы түтөтүп, кеңири колдонуп келишкенин айтты.
Sputnik
Ноорузда жасалчу тамак-аш, ырым-жырым, салт-санааларды кийинки муунга жөн гана өткөрүп бербестен, анын маани-маңызын да айтып, түшүндүрүү зарыл. Бул тууралуу Жаңылкан Досматова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, арча түтөтүп, айлананы жамандыктан тазалоо кыргыздардын турмушундагы табигый нерсе.
"Кыргыздарда Нооруз байыртадан баркталып келе жаткан майрам катары белгиленет. Бул күнү адамдар жакшылыкка үмүт кылып, эски таарынычтарын унутуп, бири-бирин сыйлап, бата кылып, жаңы кийимдерин кийишет. Үй ичин, короо-жайды тазалап, арча менен аластап, оору-сыркоо, кырсыктар болбосун деп жакшылыкка тилек кылышат. Ар бир үйдө колунан келген даамын, тамак-ашын жасап, дасторкон жайышат. Ноорузда атайын кастарлап жасалуучу даамдын бири сүмөлөк жана сыйлуу даамдардын бири көжө болуп саналат. Ал эми бул күнү арча түтөтүп аластоо дайыма аткарылчу ритуал. Арча менен айлананы жамандыктан тазалоо кыргыздардын турмушундагы табигый нерсе. Аластоонун сөзү апалардан калып, муундан-муунга өткөн. Азыр биз тилек айткандай эле өз каалообузду да кошуп айтып келебиз", — деди Досматова.
Ал Нооруз эмгектин, маданий жаңылануунун, эзелки мурастарды сактоонун майрамы катары жашап келерин кошумчалады.