Чек арачылар жасаган сүмөлөктөн ооз тийип... Нарындагы Нооруздан сүрөттөр

Майрамдык иш-чаранын алкагында улуттук тамак-аштын көргөзмөлөрү өтүп, соода-сатык жарманкелери уюштурулуп, майрамга келгендерге облустук чек ара башкармалыгы даярдаган сүмөлөк таратылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Нарын шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Борбордук аянтта өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү баштаган жетекчилер элди куттуктаганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин жергиликтүү кабарчысы билдирди.
1 / 3
Нарын шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди.
2 / 3
Борбордук аянтта өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү баштаган жетекчилер элди куттуктаганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин жергиликтүү кабарчысы билдирди.
3 / 3
Муратбек Рыскулов атындагы театрдын жамааты жазгы эмгекти чагылдырган оюн-зоок коюп, маданият кызматкерлери жана таланттуу окуучулар концерттик номерлерди аткарышты.
Муратбек Рыскулов атындагы театрдын жамааты жазгы эмгекти чагылдырган оюн-зоок коюп, маданият кызматкерлери жана таланттуу окуучулар концерттик номерлерди аткарышты.
Майрамдык иш-чаранын алкагында улуттук тамак-аш көргөзмөлөрү өтүп, соода-сатык жарманкелери уюштурулуп, майрамга келгендерге облустук чек ара башкармалыгы даярдаган сүмөлөк таратылды.