Күбөлүк издеп күймөлүп калбайсыз. КРде смартфондорго атайын тиркеме иштелүүдө

Юстиция министрлиги электрондук документтердеги эрежени мыйзамдаштырууну сунуштап  жана мобилдик тиркеменин пайдалуу жактарын айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы электрондук тейлөө кызматын жана электрондук документтерди камтыган мобилдик тиркеме иштеп чыгарын Юстиция министрлигинен билдирди.
Бул иш мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү иштерин жөнөкөйлөтүү үчүн жүргүзүлүп жаткандыгы токтомдун долбоорунда белгиленет. Тиркемени Google Playmarket жана Apple Store аркылуу жүктөп алууга болот.
Долбоордо айтылгандай, жарандар ар кандай себептер менен өздүгүн ырастаган документин албай, айдоочулар айдоочулук күбөлүгүн жана транспортту каттоо документин унутуп калган учурлар көп эле кездешет.
Ошондуктан тиркемеге каттоо кызматынын санариптик реестринен маалымат алып берүүчү QR-код киргизилет.
Евробиримдик Кыргызстандагы конституциялык реформа боюнча билдирүү таратты
Министрлик Кайгуул кызматтын инспекторлору айдоочунун күбөлүктөрүн текшерген учурда да электрондук документтин пайдасы тиерин айтты. Башкача айтканда, айдоочу документтерин үйүнө унутуп калса инспектор планшет аркылуу QR-коддун негизинде электрондук маалымат ала алат. Буга чейин айдоочуга жана автоунаага электрондук документтерди киргизүү идеясы айтылган.
Тиркеме документтерин жоготуп алуу жана жараксыз кылып алуу тобокелчилигинен да сактайт. Алар болжогондой, бул багытта санариптештирүү иши кызмат көрсөтүү жана документ алуу түйшүгүн да бир топ жеңилдетет.
Токтомдун долбооруна электрондук документтер жана маалымат базасы тууралуу норманы мыйзамдаштыруу сунушталууда.