"Ынтымак" — көк бөрү чемпиону. Эзелки атаандаштардын айыгышкан беттешинен сүрөттөр

Командалар оюндун негизги бөлүгүндө 4:4 эсеби менен тең чыгышты. Буга байланыштуу кошумча дагы 10 мүнөт берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Көк бөрү боюнча республикалык чемпионаттын жогорку лигасынын финалында эзелки атаандаштар "Достук" менен "Ынтымак" командалары беттешти.
Оюндун биринчи бөлүгүндө "Ынтымактын" чабуулчусу Нуржан Мелисбек уулу эсеп санын ачты. Экинчи салымды Дастан Сагынбек уулу жасап, 2:0 эсеби менен бүттү.
1 / 4
Көк бөрү боюнча республикалык чемпионаттын жогорку лигасынын финалында эзелки атаандаштар "Достук" менен "Ынтымак" командалары беттешти.
2 / 4
Оюндун биринчи бөлүгүндө "Ынтымактын" чабуулчусу Нуржан Мелисбек уулу эсеп санын ачты.
3 / 4
Экинчи салымды Дастан Сагынбек уулу жасап, 2:0 эсеби менен бүттү.
4 / 4
Мындан улам оюндун шарты боюнча булит дайындалды. Анын жыйынтыгында 6:5 менен "Ынтымак" командасы жеңди.
Деген менен экинчи тайм учурунда "Достук" күчтөнүп, Султан Русланов менен Майрамбек Рыспеков удаасы атаандаштарынын тай казанына улак ыргытты. Ошентип эсеп саны 2:2 болуп теңелди.
Көк бөрү: "Кара-Буура" биринчи лиганын баш байгесин утуп алды. Сүрөт, видео
Чечүүчү делген үчүнчү бөлүктүн алгачкы мүнөттөрүндө кайра эле "Достуктун" оюнчусу Бекболсун Алтынбек уулу бир салым жасады. Анын артынан Эрсултан Айдаркан уулу дагы бир улак таштады.
Бирок "Ынтымактын" оюнчулары кайра эки улак салып койду.
Натыйжада 4:4 эсеби менен тең чыгышты. Буга байланыштуу кошумча дагы 10 мүнөт берилди. Бирок мында да эки команда тең улак сала алган жок.
Мындан улам оюндун шарты боюнча буллит дайындалды. Анын жыйынтыгында 6:5 менен "Ынтымак" командасы жеңди.