Капталдан урдурду. Көк бөрү финалында "Жети-Өгүздүн" улакчысы аттан кулады. Видео

Улакчы жыгылганда тура албай жатып калды. Медиктер чакыртылып, оюнчуну тез жардам унаасы менен алып кетишти.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Көк бөрү боюнча республикалык турнирдин биринчи лигасынын финалында улакчы Руслан Чыныбек уулу жаракат алды.
Анда Талас облусунун "Кара-Буурасы" менен Ысык-Көлдүн "Жети-Өгүз" командасы беттешти. Оюндун экинчи бөлүгүндө "Жети-Өгүздүн" оюнчусу Руслан Чыныбек уулу жекеме-жекеден улакты эңип чыккан. Ошол учурда каршылашы Ниязбек Мадалбек уулу капталдан урдуруп, атаандашы аттан кулап түштү.
Улакчы жыгылганда катуу түшүп калдыбы, айтор, тура албай жатып калды. Медиктер чакыртылып, тез жардам унаасы алып кетти.
Мындан улам калыстардын чечими менен улакты жерге таштабай, “Жети-Өгүз” командасына берип оюнду улантышты. Эч ким жаза мамыга чыгарылган жок.
Натыйжада 2:1 эсеби менен "Кара-Буура" командасы биринчи лиганын баш байгесин утуп алды.
Ат оюндары Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өтүп жатат.