Көк бөрү: "Кара-Буура" биринчи лиганын баш байгесин утуп алды. Сүрөт, видео

Финалда Талас облусунун "Кара-Буурасы" менен Ысык-Көлдүн "Жети-Өгүз" командасы беттешти. Оюн 2:1 эсеби менен жыйынтыкталды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Чолпон-Атада өтүп жаткан Көк бөрү боюнча республикалык турнирдин биринчи лигасынын баш байгесин "Кара-Буура" командасы утуп алды.
Финалда Талас облусунун "Кара-Буурасы" менен Ысык-Көлдүн "Жети-Өгүз" командасы беттешти. Оюндун биринчи бөлүгүндө атаандаштар бирден улак салууга жетишти. Ал эми экинчи таймда тай казанга улак ыргыта алышкан жок.
1 / 3
Чолпон-Атада өтүп жаткан Көк бөрү боюнча республикалык турнирдин биринчи лигасынын баш байгесин "Кара-Буура" командасы утуп алды.
2 / 3
Финалда Талас облусунун "Кара-Буурасы" менен Ысык-Көлдүн "Жети-Өгүз" командасы беттешти.
3 / 3
Ал арада улакты эңип чыккан "Жети-Өгүздүн" улакчысы Руслан Чыныбек уулун каршылашы Ниязбек Мадалбек уулу капталдан урдуруп аттан кулап түштү. Жаракат алган оюнчуну тез жардам унаасы алып кетти.
Ал арада улакты эңип чыккан "Жети-Өгүздүн" улакчысы Руслан Чыныбек уулун каршылашы Ниязбек Мадалбек уулу капталдан урдуруп аттан кулап түштү. Жаракат алган оюнчуну тез жардам унаасы алып кетти.
Ал эми үчүнчү таймдын бүтөрүнө эки мүнөт калганда "Кара-Буура" командасы бир салым жасоого жетишти.
"Достук" Манас Ниязов баштаган "Ала-Тоону" жеңип алды. Сүрөт
Натыйжада 2:1 эсеби менен "Кара-Буура" чемпион аталса, "Жети-Өгүз" күмүш байгеге ээ болду.
Ал эми үчүнчү орунду "Бакубат Талас" ээлесе, төртүнчү орун "Сокулук" командасына буюрду.
Белгилей кетсек, биринчи лиганын байге фонду төмөнкүчө болду:
биринчи орун - 100 000 сом;
экинчи орун - 50 000;
үчүнчү орун - 30 000;
төртүнчү орун - 20 000 сом.
Биринчи лигада жалпы жонунан 21 бир команда күч сынашты.
Жогорку лиганын финалында эзелки атаандаштар "Достук" жана "Ынтымак" командасы күч сынашат. Оюн бүгүн саат 15:00дө башталат.