Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Дүйшөмбүгө караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жерлеринде жамгыр жаайт. Бул райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. 22-мартта күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +12...+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13..+18, Ысык-Көлдө +6...+11, Нарын жергесинде +5...+10 градус болот.
Бул күнү термометр Бишкекте +15...+17, Ошто +16...+18 градусту көрсөтөт.