68 киши вирус жугузуп, 2 бейтап көз жумду. COVID статистикасы

Акыркы күндөрү республика аймагында коронавирус менен ооругандардын саны кайрадан көбөйүп бара жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Соңку бир сутканын ичинде коронавирустан 55 адам айыгып, ошол эле учурда 68 киши оору жуктуруп алды. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.
Айыгып чыккандар:
Вирусту жеңип чыккан бейтаптардын жалпы саны 84 185ти түздү.
COVID-19 катталган жаңы учурлар:
Ушуну менен пандемия башталгандан бери 87 389 адамдан COVID-19 аныкталды.
Коронавирустан Бишкек шаарында эки киши каза болду. Ошентип бул илдеттин курмандыгы болгондордун саны 1490го жетти.
Бүгүнкү күндө ооруканаларда 410 бейтап жатат, алардын ичинен:
Мындан сырткары, 361 бейтап үй шартында медиктердин көзөмөлү менен дарыланууда.