БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, борбор калаада дүйшөмбү жана шейшембиде күн ачык болот. Ал эми шаршембиде жамгыр жаашы күтүлөт, бейшембиде кайра күн ачылат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына шаршемби күнү 4-9 метрден 14 метрге жетет.
Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы
22-мартта түнкүсүн Чүйдүн тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жана Таласта жаан-чачын күтүлбөйт.
22-мартта күндүз жана 23-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Ал эми күндүзү Таластын кээ бир райондорунда кар жаайт.
24-мартта көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт.
25-мартта Таластын тоолоруна кар жаайт. Ал эми дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
22-март күнү жаан-чачын болбойт. Ал эми 23-мартта күндүз Жалал-Абаддын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарында күндүн көзү бузулбайт.
24-мартта Жалал-Абаддын көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолорго кар жаашы күтүлөт. Ош менен Баткенде жаан-чачын күтүлбөйт.
25-мартта кээ бир райондорго жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт.
Ысык-Көл облусу
22-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жамгыр, тоолордо кар жаайт.
22-мартта күндүз, 23-мартта жана 24-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
24-мартта күндүз кээ бир райондордо жамгыр жаайт.
25-мартта күн ачык болот.
Нарын облусу
22-23-март күндөрү жана 24-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт.
Ал эми күндүзү кээ бир райондорго жамгыр, тоолуу райондорго кар жаайт.
25-мартта күн ачылат.
26-27-март күндөрүнө карата аба ырайынын жакындатылган болжолдоосу
26-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, кар жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт. Ысык-Көл облусунда күн ачык болуп турат. Абанын күндүзгү температурасы жогорулайт.
26-мартта күндүз жана 27-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көлдүн кээ бир жерлеринде мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы төмөндөйт.