Бажы кызматы Абхазиянын номери тагылган автоунааларды албоого чакырат

Буга чейин рейд жүрүп, Абхазиянын мамлекеттик номери тагылган автоунаалар айып короого киргизилген. Көп өтпөй айдоочулар митингге чыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматы Абхазиянын номери менен өлкөгө убактылуу алып келинген жана Кыргызстандын аймагында каттоого расмий тургузулбаган автоунааларды сатып албоого жана колдонбоого чакырат.
"Абхазиянын номери тагылган транспорт каражаттарын бажылык тариздөө жана Кыргызстандын каттоо органдарына алгачкы каттоого тургузмайын айдоого болбойт. Убактылуу алып келинген автоунааны ЕАЭБдин аймагында декларант (автоунааны алып келген тарап) гана пайдалана алат", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин рейд жүрүп, Абхазиянын мамлекеттик номери тагылган автоунаалар айып короого киргизилген.
Кыргызстанга Түштүк Кореядан автоунаа ташыгандардын саны кескин өстү
Андан соң алардын ээлери бул жерде мыйзам бузуу болгонун билбегенин, айрымдагы насыя алып машина сатып алганын айтып митингге чыгышкан.
Бажы кызматынан түшүндүрүшкөндөй, автоунаалардын айып короого коюлушуна ЕАЭБдин аймагынан транспортту убактылуу киргизүү шарттарынын бузулушу себеп болгон. Анткени Абхазия ЕАЭБге үчүнчү өлкө катары сатууга транспорт алып кирип жатканда атайын декларациясын толтурушу керек болчу. Бирок ал толтурулбай, транспорт убактылуу гана киргизилип жатканы айтылган. Ал эми убактылуу киргизилген автоунааны башка бирөөгө берүүгө же сатууга мыйзам жол бербейт.