Токиодогу Олимпиадалык оюндар чет элдик күйөрмансыз өтмөй болду

Уюштуруу комитети келе турган чет элдик көрүүчүлөргө сатылган билеттердин акчасы кайтарып берилерин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Токиодогу жай айында өтүүчү Олимпиадалык оюндар чет элдик көрөрмансыз өтөт. Мындай чечимди уюштуруу комитетинен кабарлашты.
Эл аралык олимпиада комитети менен Эл аралык паралимпиада комитетинин жетекчилеринин жолугушуусунан кийин ушундай чечим кабыл алынган.
Мындан мурдараак Япония өкмөтү Олимпиада оюндарына келген чет элдик лидерлерди коштоп жүргөн адамдардын санын коронавирустун жайылып кетүү коркунучунан улам чектөөнү карап жатканын билдирген эле.
Олимпиаданын алдында Эйфель мунарасы алтын түскө боёлмокчу
Уюштуруу комитети чет элдик көрүүчүлөргө сатылган билеттердин акчасы кайтарып берилерин билдирген.
РИА Новости "Санкэй" жергиликтүү басылмага таянып, Олимпиадага жана Паралимпиадагы катышуу үчүн Японияга 15 миң атлеттин келери күтүлүп жатканын кабарлады. Калган 75 миң киши машыктыруучулар, калыстар, чет элдик журналисттер, демөөрчү-компаниялардын өкүлдөрү.
Спорттук мелдештер 2021-жылдын 23-июлунан 8-августка чейин өтүшү керек.